Жаңылыктар
Коронавирустан беш бейтап каза болду
Кыргызстан жаңылыктары
Коронавирустан беш бейтап каза болду

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус дагы 325 адамдан аныкталып, 5 бейтап каза болду. Каза болгондор Бишкек жана Ысык-Көл облусунун тургундары. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, вирус Бишкекте - 194, Ош шаарында - 2, Чүй облусунда - 90, Ош облусунда - 6, Талас облусунда - 1, Ысык-Көл облусунда - 20, Нарын облусунда - 5, Жалал-Абад облусунда - 6, Баткен облусунда - 1 адамдан илдет табылган.Ал эми бир сутка ичинде 163 адам коронавирустан айыгып чыкты. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 417 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 753 адам дарыланууда. Учурда 58 бейтаптын абалы өтө оор. 

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 13 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Өлкөдө пандемия башталгандан бери 93 миң 603 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 87 миң 880 киши айыгып чыкса, 1 миң 578 адам каза болду.