Эттин баасы бир жыл ичинде орточо эсеп менен 27 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады. 22-апрелге карата уйдун этине болгон баа республика боюнча 1 килограммы 450 сомду түздү.
Бул өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 89 сомго же дээрлик 25 пайызга жогору. Ал эми койдун этинин 1 килограммы 449 сомду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 29 пайызга кымбат. Мониторингдин жүрүшүндө уйдун этине Нарын, Жалал-Абад, Бишкек шаарларында жогорку чекене баалар байкалды.