Жаңылыктар
40 миң тоннага жакын кум шекер келет
Кыргызстан жаңылыктары
40 миң тоннага жакын кум шекер келет

Кыргызстанга 40 миң тоннага жакын кум шекер алынып келет. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши 15-майдан 30-сентябрга чейинки мезгилде кум шекерди кошумча нарк салыгысыз ташып келүүгө тарифтик жеңилдик берүү чечимин кабыл алды. 

Мындан тышкары, Бажы биримдигине кирген мамлекеттердин ички базарларына кантты жеткирүү менен камсыз кылууга кызыкдар керектөөчүлөрдүн жана өндүрүүчүлөрдүн өз ара аракеттенүүсүн уюштурат.