Жаңылыктар
Белгилүү драматург, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Бексултан Жакиев дүйнө салды
Маданият
Белгилүү драматург, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Бексултан Жакиев дүйнө салды

Белгилүү драматург, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Бексултан Жакиев дүйнө салды. Кыргыз маданиятынын патриархы, улут маданиятынын корифейи Жакиев 1936-жылы 16-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган. Жазуучу коомчулукка "Атанын тагдыры" аттуу драмасы менен кеңири таанылган. Анда драматург кайраттуу карыянын согуш кесепетинен башына түшкөн оор кайгысы аркылуу бүткүл элдин муңун чагылдырган. 

Бул чыгарма Кыргыз драма театрларында 500дөн ашуун жолу коюлган. Кыргыз улуттук адабиятына эбегейсиз чоң эмгек жасаган, улуттун уңгу жүзү Жакиев "Миң кыял", "Алтын аяк", "Өкүм", "Эртең - жаңы жыл", "Жолугушуу", "Күттүргөн жаз да келер", "Саадак какты", "Жүрөлүчү жүрөк оорутпай", "Жаза" сыяктуу дагы бир топ драмаларды жаратып кетти. Улуттук кайра жаралуунун доору, кыргыз театрынын Бакайы мындан тышкары, бир катар новелла, аңгеме, очерк, киносценарийлердин автору. Өзүнүн мыкты чыгармалары менен улуттук театрды бийик деңгээлге көтөрдү. 

Мекенчилдик, чынчылдык, калыстык, акыйкаттуулук сапаттары менен жарандык сезими, духу бийик инсан катары улуттук баалуулуктарды, дөөлөттөрдү сактоодо опол тоодой эмгек кылды. Жасаган эмгектер үчүн Бексултан Жакиевге эң даражалуу наам - Кыргыз Республикасынын Баатыры ыйгарылган. Андан тышкары Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмери, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, III даражадагы "Манас" ордени жана Даңк медалынын ээси болгон.