Жаңылыктар
Ташиев: "Кемпир-Абад" берилбейт
Чек ара
Ташиев: "Кемпир-Абад" берилбейт

"Кемпир-Абад" суу сактагычы жана анын жанындагы жер элдин талабы менен Өзбекстанга берилбей турганын болду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Өзгөндө эл менен жолугушкан учурда билдирди. Эл талабы баарынан жогору тураарын айткан Ташиев, "Кемпир-Абадды" азыркы бойдон калтырып, бирок Жалал- Абад менен Баткен облустарындагы чек ара тилкелерине байланышкан сүйлөшүүлөр улантыла бере тургандыгын кошумчалады. 

Ал чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн 10-майдан кийин Өзбекстандын делегациясы Кыргызстанга келип, эки тараптуу сүйлөшүүлөр Ош шаарында өтө тургандыгы күтүлүп жатканын айтты.