Жаңылыктар
"Чек ара такталмайынча бейбаштык кайталана берет", - К.Ташиев
Чек ара
"Чек ара такталмайынча бейбаштык кайталана берет", - К.Ташиев

Чек ара такталмайынча бейбаштык кайталана берет. Мындай пикирин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. Айтсак соцтармакта, 24-апрелде 19 жана 21 жаштагы эки адамдын жоголуп жатканы боюнча тасма тараган. 

Анда Лейлек районуна караштуу Эски-Оочу айылынын тургуну кыргыз-тажик чек арасына жакын жерде курулуп жаткан тигүү цехинде иштеген уулу менен анын досу жоголуп кеткенин айтып, ыйлап жатканын көрүүгө болот. 

Кийин эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында балдар "Оочу - Калача" посту аркылуу кайтарылган. Бул жигиттер менен кошо мурда чек арадан мыйзамсыз өтүүгө шектелип кармалган алты кыргызстандык да бошотулган. Азырынча алардын эмне себептен Тажикстанга алынып кеткени тактала элек. Лейлек райондук ички иштер башкармалыгы "киши уурдоо" фактысы боюнча иш козгоду.