Жаңылыктар
Көчмөндөрдүн кол өнөрчүлүгү
Маданият
Көчмөндөрдүн кол өнөрчүлүгү

Бүткүл дүйнөлүк экинчи көчмөндөр оюндарына карата борбордо колго жасалган буюмдарды саткан дүкөн ачылды. Бул жайдан көчмөн эли жасап келген товарлардын бардык түрүн табууга болот. 

Тагыраагы, шырдак, ат жабдуулары, улуттук кийимдер, шуру-мончок, ал гана эмес Кыргызстандагы тарыхый жайлары жана улуттук буюмдары оюнчук ыкмасында жасалган буюмдарды белек катары тартууласа да болот. 

Мындай этникалык дүкөн ээсинин айтымында сатып алуучулардын саны күндөн-күнгө көбөйүүдө. Муну менен көпчүлүк эл бул масштабдуу иш-чарага кызыгып жатканын билүүгө болот. Мындай дүкөндү Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталардан мурда Чолпон-Ата шаарында ачуу иши пландалууда.