Жаңылыктар
Баткенде «Салттуу музыка жумалыгы» жана «Достук» фестивалы жыйынтыкталды
Маданият
Баткенде «Салттуу музыка жумалыгы» жана «Достук» фестивалы жыйынтыкталды

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан кабарлашкандай, 23-апрелде башталган фестивалдын үчүнчү күнү улуттук кийимдер жүрүшү менен башталып, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси менен уланды. 

Соңунда концерттик программа тартууланып, маданият министри Кайрат Иманалиев жана облус башчысы Өмүрбек Суваналиев бир катар маданият кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды. 

Эскерте кетсек, фестиваль үч күнгө созулуп, маданият жана искусство өкүлдөрү, оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствонун айтуучулук, манасчылык, дастанчылык жана акындык өнөр, аваздык-аспапчылык, кол өнөрчүлүк багыттары боюнча таланттарын тартуулады. Иш-чарага коңшу Өзбекстан жана Кытай мамлекетинин маданият өкүлдөрү катышты.