Кыргыз Республикасынын Баатыры, жазуучу жана драматург Бексултан Жакиевти акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн болот.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашкандай, маркум менен коштоштуу Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында саат 11:00дө башталат. Узакка созулган оорудан улам Бексултан Жакиев 85 жаш курагында 25-апрелде дүйнө салды.
Бексултан Жакиев 1936-жылы 16-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган.