Жаңылыктар
Көчмөндөр оюндарына даярдыктар
Кыргызстан жаңылыктары
Көчмөндөр оюндарына даярдыктар

Бүткүл дүйнөлүк экинчи көчмөндөр оюндарына катыша турган кыргызстандык спортчулардын тизмеси дээрлик аяктап калды. Азырынча Кыргызстандын намысын 150гө жакын спортчу коргой турганы белгилүү болду. Болгону “Ат чабыш” жана “Салбуурун” оюндары боюнча катыша турган оюнчулар такталууда, - деп Улуттук оюндар боюнча дирекциядан билдиришти.

Бүткүл дүйнөлүк экинчи көчмөндөр оюндарында - көк-бөрү, эр эңиш, ордо, кыргыз күрөш, алыш, тогуз коргоол, бао, мангала сыяктуу 23 спорттун этникалык түрү ойнотулат. Бул оюндарга катышаары тууралуу дүйнөнүн 20 мамлекети расмий кат жолдогон. Ошондой эле, тышкы иштер министрлиги жана бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы дагы 50гө жакын мамлекет менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. 

Эскерте кетсек, бүткүл дүйнөлүк экинчи көчмөндөр оюндарына катышууну каалагандардын арызын кабыл алуу 7-августта жыйынтыкталат. Бирок улуттук оюндар боюнча дирекция катышууну каалаган мамлекеттер менен август ичи дагы сүйлөшөрүн билдирди. 

Бүткүл дүйнөлүк экинчи көчмөндөр оюндары 3-сентябрда башталып, сегизинде жыйынтыкталмакчы. Бардык оюндардын баш байгеси үчүн 27 миллион сом каралган.

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118