Глобалдык эмдөө жана иммунизация альянсы, Бириккен улуттар уюмунун балдарды коргоо программасы Кыргызстанга вакциналарды ташуу үчүн сегиз авторефрижератор берет.
Ташууга ыңгайлашкан муздаткычтар бар унаа Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине бүгүн тапшырылат. Өлкөдө коронавируска каршы эмдөө март айында Кытайдын "Sinopharm" вакцинасы менен башталган. 22-апрелде республикага Орусиянын "Спутник V" вакцинасынын 20 миң дозасы келип, Бишкек шаары, Чүй облусундагы 65 жаштан улуу, өнөкөт оорусу барлар эмделүүдө.
Премьер-министр Улукбек Марипов 23-апрелде калкты жапырт эмдөөгө чакырып, май айында "AstraZeneca" вакцинасы келерин билдирген. 25-апрелге карата 16 миңге чукул кыргызстандык COVID-19га каршы эмдөөдөн өттү.