Жаңылыктар
Ысык-Көлдөгү эл аралык марафонго катышуу үчүн 20 өлкөдөн эки миң арыз түштү
Спорт
Ысык-Көлдөгү эл аралык марафонго катышуу үчүн 20 өлкөдөн эки миң арыз түштү

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында 15-май күнү өтө турган «Run the Silk Road – Shanghai Cooperation Organization» Ысык-Көл IX эл аралык марафонуна катышуу үчүн 20 өлкөдөн эки миң арыз түштү.  Бул тууралуу көчмө жыйында Эл аралык марафон дирекциясынын башчысы Мелис Надыров айтканын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Жыйында марафондогу жол коопсуздугу, медициналык персоналдын иши, ыктыярчыларды тартуу, мелдеш учурунда санитардык-эпидемиологиялык талаптарды так сактоо, катышуучулар жана коноктордун коопсуздугу сыяктуу маселелер талкууланды.

Эскерте кетсек, аталган спорттук ири иш-чара 15-майда Ысык-Көлдө өтөт. ШКУнун Ысык-Көл эл аралык марафонунун нормативин толтурган спортчуларга дүйнө чемпионатына, Олимпиада оюндарына жана Азия оюндарына жолдомо берилет.

Катышууну каалагандар Эл аралык марафон дирекциясы аркылуу катталса болот.