Жаңылыктар
Араван районунун аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында элдик жыйын өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Араван районунун аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында элдик жыйын өттү

Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагындагы Жеке-Мисте айылында өткөн аптада кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында элдик жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 

Кыргыз Республикасынын аймагында COVID-19 илдетине байланыштуу санитардык эрежелерди так сактоо, үй-бүлөлүк зомбулук, терроризм жана экстремизм, жол эрежелерин сактоо, жашы жете электер арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана  жашы жете элек кыздардын эрте турмуш куруусун алдын алуу, кыз ала качуу, ата-энеси мигрант балдарын көзөмөлдөөсү тууралуу калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле, Тоо-Моюн айыл аймагы Өзбекстан Республикасы менен чектешкендиктен чек ара масалеси жана уурулук, мал уурулугу жана башка көрүнүштөгү кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жергиликтүү эл менен сүйлөшүүлөр өткөрүлүп, элдик жыйын өткөрүлдү. 

Жыйынга Төө-Моюн айылдык милиция бөлүмчөсүнүн өздүк курамы, айыл өкмөттүн, социалдык коргоо өкүлдөрү, айылдык медициналык кызматкерлер жана айыл башчы, айылдын дин кызматкерлеринин өкүлдөрү катышты. 

Айыл тургундары чечүүгө зарыл болгон масалелерге токтолушуп, төмөнкүдөй көйгөйлөрдү ортого салышты: 

1. Төө-Моюн айыл аймагы жаз келгендигине байланыштуу сугат суу жана таза суу  тартыштыгын айтышып чечип берүүнү; 

2. Араван Төө-Моюн жолун оңдоп түздөп берүүнү;

3. Турак жай салуу үчүн жер тилкеси боюнча маселесин чечип берүүнү;

4. Төө-Моюн айыл аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөк пул масалелерин чечип берүүнү суранышты.

Бул маселелерди чечүү үчүн  тиешелүү органдарга талаптар жөнөтүлдү. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан түнкү рейддер өткөрүлүп жатканы айтылды.