25-апрелде Панфилов районунун Ички иштер бөлүмүнө 102-кызматы аркылуу Кайыңды шаарындагы базардын жанында эркек кишинин мылтыктан жаракат алгандыгы жөнүндө билдирүү түшкөн. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, 2021-жылдын 25-апрелине караган түнү саат 01:30 чамасында бир нече баладан турган эс алуучу компанияга, алардын жанынан өткөн эки жигиттин ортосунда кичинекей оозеки пикир келишпестик болуп, жыйынтыгында , өтүп бара жаткан экөөнүн бири жаш жигиттерди көздөй эки жолу ок чыгарып, белгисиз тарапка изин суутуп кеткен. Бардык жагдайлар такталууда. Натыйжада, 22 жаштагы П.Б. денесине эки ок тийген жаракаты менен ал райондун аймактык ооруканасына жеткирилген. Аталган кылмышка шектүү катары Кайынды шаарынын 27-жаштагы А.А. аттуу жергиликтүү тургуну кармалган.
Керектүү экспертизалар дайындалды. Учурда кармалган адам убактылуу кармоочу жайга камалды. Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.