Ортопед-травматолог дарыгер Сабырбек Жумабеков Россиянын Илимдер академиясынын чет элдик мүчөсү болуп шайланды.
Дүйнөгө белгилүү кыргыз травматолог-ортопед дарыгер Сабырбек Жумабеков Россиянын Илимдер академиясынын чет элдик мүчөсү болуп шайланды. Атаандаштары илимдин корифейлери болгон. Бирок, орус окумуштуулары жашыруун добуш менен кыргыз дарыгерин шайлашкан. Жумабеков бул дипломду 2019-жылы алышы керек болчу, бирок пандемияга байланыштуу тапшыруу аземи жылдырылган.