Коронавирус окуучулардан табылганына байланыштуу Бишкекте 14 мектеп жабылды. Төртүнчү чейректен тарта 1, 2, 3, 4, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары мектептерден, калганы аралыктан билим алып жатканын мэриядан эскертишти.
Ал эми мектепке барышы керек болгон 1 миң 607 окуучу ата-энесинин арызынын негизинде үйдөн окуп жатышат. COVID илдети табылганына байланыштуу № 11, 12, 17, 24, 26, 35, 61, 62, 63, 64, 65, 67, 70, 88 мектептер кайра онлайн-форматка өтүштү. №12 жана 112-бала бакчалар дагы карантинге жабылды.