Жаңылыктар
Казакстанда абал оор. Өткөн суткада коронавирус инфекциясы 2 миң 716 адамдан табылды
Дүйнө
Казакстанда абал оор. Өткөн суткада коронавирус инфекциясы 2 миң 716 адамдан табылды

Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 2 миң 716 адамдан табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирди. 

Ооруну жуктургандардын эң көбү - Алматы шаарында. Калаада бир күндө 693 адамдан оору аныкталган. Ошондой эле, Нур-Султан шаары менен Акмоло облусунда да илдет тездик менен жайылууда. Казакстанда вирус катталгандан тарта 309 миң 116 адам коронавирус жуктурган.