Жаңылыктар
Жаңы паспорт үчүн документтерди кабыл алуудагы чектөөлөр алынды
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы паспорт үчүн документтерди кабыл алуудагы чектөөлөр алынды

Жалпы жарандык паспорт үчүн документтерди кабыл алуудагы чектөөлөр толук алынды. 3-майдан тартып жаңы биометрикалык паспортко документтерди кабыл алуу башталат. 

Паспортту даярдоо мөөнөтү 18 күн. Эсептөөлөргө ылайык, май айындагы майрамдарды эске алуу менен жарандар алгачкы жалпы жарандык паспортторду 20-майдан тартып ала башташат. Ал эми кыска мөөнөттө даярдалуучу документтер процесс толук ишке киргенден кийин каралат. 

Мекемеден билдиргендей, жаңы үлгүдөгү паспорт 34 жана 50 беттен турат. Алардын баасы көлөмүнө жараша болот. Учурда жабдууларды орнотуу жана паспортторду басып чыгарууну тестирлөө иштери жүрүп жатат.