Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Баатыры, драматург, коомдук жана саясий ишмер Бексултан Жакиев бүгүн Бишкек шаарында акыркы сапарга узатылды.
Залкар менен коштошуу зыйнатына анын замандаштары, расмий бийлик өкүлдөрү, чыгармачыл интеллигенция жана маркумдун жакындары катышты. Бексултан Жакиев 1936-жылы 16-январда Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында туулган. Белгилүү драматург 21 жашында жазган «Атанын тагдыры» аттуу алгачкы драмасы менен адабияттын астанасын аттаган. Бул чыгармасы менен автор кыргыз адабиятына, театр жаатына жаңы дем, жаңы мазмун, ой киргизип, коомчулукта чоң ачылыш жараткан.
Ушул күнгө чейин аталган драма Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында 500дөн ашык жолу, ал эми Казакстандын театрларында 300дөн ашык жолу коюлган. Мамлекеттин маданий, коомдук, саясий турмушунда маанилүү орунду ээлеген, кыргыз тарыхында мыкты инсандардын катарын толуктаган Бексултан Жакиев жогорку адамдык парасаты, бийик адамгерчилиги жана мекенчилдиги менен элдин эсинде түбөлүк сакталат. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, III даражадагы «Манас» ордени жана «Даңк» медалынын ээси Бексултан Жакиев 85 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Анын сөөгү Бишкек шаарындагы “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.