Жаңылыктар
Фергана шаарында Баткен - Фергана - Согди облустарынын биргелешкен форуму өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Фергана шаарында Баткен - Фергана - Согди облустарынын биргелешкен форуму өттү

Фергана шаарында Баткен - Фергана - Согди облустарынын биргелешкен форуму өттү. "Чек ара аймактарын интеграциялоо - өнүгүүнүн кепилдиги" деп аталган иш-чара үч өлкөнүн облус жетекчилеринин жолугушуусу менен башталды. 

Облус башчылары чектеш аймактардын коопсуздугун камсыз кылуу, кошуна элдердин карым катнашын бекемдөө, облустар аралык ар тараптуу кызматташууларды жандантууну макулдашышты. Инвестициялык байланыштарды чыңдоону максат кылган форумда кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү белгиленди. Жетекчилер айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, экспорттоо, өнөр жай, курулуш тармактары боюнча кызматташуу максаттарын билдиришти.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев, чек ара - картада гана болушу керек, жашообузда кошуна элдер, ынтымакта жашап, бакубат турмуш кечирүүгө татыктуу, ал эми бүгүнкү өтүп жаткан форум, чектеш облустун ишкерлери үчүн зор мүмкүнчүлүк, алдыдагы кызматташуу алакаларды бекемдээрине ишенерин айтты.