Жаңылыктар
Жапаров: Алдыда региондогу экономикалык кызматташтыкты чыңдоо боюнча чечимдерди иштеп чыгуу милдети турат
Кыргызстан жаңылыктары
Жапаров: Алдыда региондогу экономикалык кызматташтыкты чыңдоо боюнча чечимдерди иштеп чыгуу милдети турат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, видеоконференция форматында өтүп жаткан Бириккен улуттар уюмунун Азия жана Тынч океан региону үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясынын 77-сессиясына катышып, сөз сүйлөдү. 

Мамлекет башчы белгилегендей, бүткүл адамзат үчүн кыйын болуп турган мезгилде өтө чоң иш — пандемия учурунда "мурдагыга караганда жакшы" деген принциптин негизинде региондогу экономикалык кызматташтыкты чыңдоо боюнча чечимдерди иштеп чыгуу милдети турат. КОВИД-19 пандемиясы дүйнө жүзүндөгү, анын ичинде Азия-Тынч океан регионундагы эл аралык соода жүргүзүүдө олуттуу көйгөйлөрдү жаратты. Бул Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарын мындан ары толук ишке ашырууга коркунуч келтирди - деди Садыр Жапаров. 

Президент ошондой эле, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн көпчүлүгү кирешелеринин олуттуу бөлүгүн жоготушканын, колдо бар ресурстарын пандемиянын кесепеттерин жоюуга жумшоого аргасыз болушканын белгилеп, ушуга байланыштуу, БУУнун Азия жана Тынч океан региону үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясы тарабынан Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына жетишүү маселелерине мындан ары дагы абдан чоң көңүл буруларына ишенерин айтты.