Жаңылыктар
Ош шаарында ордо боюнча республикалык чемпионат өттү
Спорт
Ош шаарында ордо боюнча республикалык чемпионат өттү

20-апрелден 23-апрелге чейин Ош шаарында ордо боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, мелдешке Ош , Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Талас облустарынын жана Бишкек, Ош шаарларынын курама командалары катышты.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча биринчи орунду Талас облусунун ордочулары ээледи. Финалдык беттеште алар чемпионатта күмүш медаль тагынган Ош шаарынын курама командасын 109:85 эсебинде жеңди. 3-орунга болгон оюнда Бишкек шаарынын ордочулары Ысык-Көл командасын 125:39 эсебинде утуп алды. Жеңүүчүлөр диплом, медаль жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Чемпионат Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан Ош шаарынын дене тарбия жана спорт комитетинин көмөгү менен өткөрүлдү.