Жаңылыктар
БУУнун сессиясында талкууланган көйгөйлөр
Кыргызстан жаңылыктары
БУУнун сессиясында талкууланган көйгөйлөр

КОВИД-19 пандемиясы дүйнөдөгү, анын ичинде Азия-Тынч океан чөлкөмүндө эл аралык соода жүргүзүүдө олуттуу көйгөйлөрдү жаратып, Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарын мындан ары толук ишке ашырууга коркунуч келтирди. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров Бириккен улуттар уюмунун Азия жана Тынч океан региону үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясынын 77-сессиясында сүйлөп жатып билдирди. Видеоконференция ыкмасында өткөн жыйында Уюмдун мындан аркы өнүгүүсү жана коронавирус пандемиясы учурунда, региондо экономикалык кызматташтыкты чыңдоо боюнча көйгөйлөр талкууланды. 

Президент белгилегендей, былтыр Туруктуу өнүктүрүү боюнча саясий форумдун жүрүшүндө Кыргызстан Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарынын жетишкендиктери боюнча биринчи улуттук ыктыярдуу баяндамасын жасаган эле. Анда камтылган негизги маселе- кыргызстандыктардын жашоо деңгээли, жакырчылыкты жоюу жана өнүгүүнү камсыздоого багытталган. 

Кыргызстан - деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өнүгүп келе жаткан тоолуу өлкө. Бул жагдай тышкы соода жүргүзүү мүмкүнчүлүгүбүздү кыйла кыйындатат. Садыр Жапаров, мындан улам өлкө Бириккен Улуттар Уюмунун Борбор Азия экономикасы үчүн атайын программасы аркылуу Азия жана Тынч океан региону үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясынын колдоосун кубаттаарын белгиледи. 

Пандемия шартында дээрлик ар бир өлкө социалдык экономикалык каатчылыктын таасирине кабылып жатат. Мындай шартта өнүгүүнүн бардык тармактарында тыгыз кызматташтык менен гана абалдан чыгуу маанилүү экенин адистер да белгилешет.