Ала-Бука районунун Көк-Таш айылынын тургундары мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссия башчысы Камчыбек Ташиевге соцтармак аркылуу билдирүү жолдогон. Анда эл чек ара маселесин чечип берүүнү суранган. Чогулгандар менен УКМКнын төрагасы жолукту.
Акурча, Сары-Көл, Чоң-Сай, Кыргыз өлдү. Бул Кең-Таш айылын курчап турган тоолордун аталышы. Жергиликтүү тургундардын айтымында тоолорду эзелтен бери кыргыздар мекендеп келген.
Союз учурунда бул тоолорго мал жайыш үчүн Өзбекстандын чабандары Кыргызстанга салык төлөп турган.
Чек аранын такталбаганы жергиликтүүлөрдү мал багууда жүдөткөн. Аймак тоолуу болгондуктан, дыйканчылык кылууга шарт жок. Мал багуу - Көк-Таштыктардын жалгыз киреше булагы.
Алгач жергиликтүү тургундардын арызын уккан комитет төрагасы Президенттин саламын жеткирди. Ал мамлекеттин жаңы тарыхында алгачкы жолу мамлекеттик чоң кызматтагы адамдар чек ара боюнча карап жатканына токтолду.
Ташиев алгач протоколдук келишимге кол коюу тартибине токтолду. Анда, жер алмашуу тууралуу кенен айтып, ар бир чечим бир канча баскычтан турган тартип менен кабыл алынарын билдирди. Чечим кабыл алынып жатканда элдин талабы эске алынарын кошумчалап, такталбаган маалыматка ишенип, элди чуу түшпөөгө чакырды.
Көк-Таш айыл аймагы 6 айылды камтыйт. Мында 4 миңден ашык калк жашайт. Жергиликтүүлөр айылдын аталышы Гава-Сай эмес, Көк-Таш экенин бекем эскертти. Буга чейин Көк-Таш аймагынан 13 миң гектардан ашык жер тилкеси өзбек тарапка өтүп кетти деген маалымат тараган болчу. Кең-Сайлыктар УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдоп, маселени чечип берүүнү өтүнүшкөн.