Жакынкы күндөрү Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жана бүткүл элдик добуш берүү же Конституцияны кабыл алуу боюнча референдумдун жыйынтыктары боюнча чечимдерин кабыл алууга киришет. Ушул тапта БШК аймактык шайлоо комиссияларынан шайлоонун натыйжалары бекитилген протоколдорду жана референдумдун жыйынтыгы боюнча жыйынды таблицаларды кабыл алууда. Бүгүн онго жакын аймактык шайлоо комиссияларынан жыйынтыктоочу протоколдор келип түштү.
Борбордук шайлоо комиссиясында иш тынымсыз уланып жатат. БШК өкүлдөрү күнүнө аймактык шайлоо комиссияларынын төрагаларынан жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжалары боюнча бекитилген протоколдор менен референдумдун жыйынтыгы боюнча жыйынды таблицаларды кабыл алууда. Бул ирет онго жакыны шайлоо боюнча соңку жыйынтык документтерин тапшырды.
Ага чейин участкалык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жана бүткүл элдик добуш берүү же референдумдун жыйынтыктары боюнча протоколдорду аймактык шайлоо комиссияларына тапшырган. Алар өз кезегинде түшкөн арыз-даттануулардын баарын карап чыгып, чечим кабыл алгандан кийин гана протокол менен жыйынды таблицаларды БШКга тапшырууда.
Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынан жыйынтыктоочу протоколдорду кабыл алууну дагы 2-3 күнгө чейин улантмакчы. Андан кийин гана соңку чечимди кабыл алууга киришет.
11-апрелде өлкөдө жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум өттү. Добуш берүү үчүн өлкө аймагында 2 миң 483, ал эми чет өлкөлөрдө 48 шайлоо тилкеси түзүлгөн.