Жаңылыктар
Жаңы паспортто чектөөлөр толук алынды
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы паспортто чектөөлөр толук алынды

Жалпы жарандык паспорт үчүн документтерди кабыл алуудагы чектөөлөр толук алынды. 3-майдан тартып жаңы биометрикалык паспортко документтерди кабыл алуу башталат. Паспортту даярдоо мөөнөтү 18 күн. Алгачкы жалпы жарандык паспорттор 20-майдан тартып бериле баштайт.

Жалпы жарандык паспорттун жаңы үлгүсү Кыргызстанда 2020-жылдын 25-декабрында бериле баштамак. Бирок техникалык мүчүлүштүктөргө байланыштуу анын мөөнөтү апрелге, эми май айына жылдырылды. Мекемеден билдиргендей, 3-майдан тарта жаңы паспортко документтерди кабыл алуу башталганы турат.
 

Жаңы үлгүдөгү паспортторду даярдоо боюнча тендерди Германиянын “Мюльбауэр” компаниясы утуп алган. Мурдагы көндүм документке караганда жаңы үлгүдөгү паспортто электрондук биометрикалык маалымат камтылат. 

Калкты паспорт менен камсыздаган мекеме документтин жыйырмадай коргоо элементтери бар экенин белгилеп, жасалмасын чыгарууга жол берилбестигин билдирүүдө. 

Жарандар алгачкы жалпы жарандык паспортторду 20-майдан тартып ала башташат. Ал эми кыска мөөнөттө даярдалуучу документтер процесс толук ишке киргенден кийин каралат. Мекемеден билдиргендей, жаңы үлгүдөгү паспорт 34 жана 50 беттен турат. Алардын баасы көлөмүнө жараша болот. Учурда жабдууларды орнотуу жана паспортторду басып чыгарууну тестирлөө иштери жүрүп жатат.