“Манас” эл аралык аэропортуна Airbus 220 үлгүсүндөгү жаңы учак келди. Эл аралык талаптарга ылайыкталган учак, башкалардан күйүүчү майды үнөмдүү сарптай турганы менен айырмаланат. Бүгүн учак расмий тааныштырылып, аны колдонуу пландары айтылды.
Эйр бас компаниясы тарабынан чыгарылган А-220-300 үлгүсүндөгү учакка сатып алган компания Каганат деп ат койду. Ал буга чейинки жүргүнчүлөрдү тейлеген аба кемелерине караганда алда канча айырмаланып турат. Ички жасалгасы кенен 145 орундугу бар учактын добушту өткөрбөө мүмкүнчүлүгү 50% төмөн. Кыргызстан дүйнөдө бул заманбап үлгүдөгү учакты колдонгон алтынчы мамлекет.
Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн компаниянын экипажы жана техникалык кызматкерлери учакты башкарууну өздөштүрүү үчүн атайын Германиядан окуп келишти. "А220" учагы күйүүчү майды 25% чейин үнөмдөйт. Мындан сырткары зыяндуу түтүн чыгарууда башка учактардан айырмаланып турат. Алар жогорку ылдамдыкта, бийик аралыкка учуп, алыскы шаарларга үзгүлтүксүз жүрүүгө ылайыкталган.
Кыргызстандын авиакомпаниялары учактардын сапатынан, учуу коопсуздугунан улам 2006-жылы Европа Биримдигинин "кара тизмесине" кирген. Быйыл бул багытта талапка жооп бергидей долбоорлорду ишке ашыруу менен тизмеден чыгуу аракети күч. Ал үчүн тейлөө тармагы менен учактардын сапатын жакшыртуу зарыл.
Өлкөнүн аба каттамын жакшыртып, тейлөө сапатын көтөрүү максатында бир катар мамлекеттер менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Биринчи кезекте ички каттамдар жана облустар аралык аэропортторду оңдоо муктаждыгы турат.
Компания учакты ЕАЭБ мамлекеттерине жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө каттамга коюну пландоодо. Жакынкы арада дагы бир ушундай үлгүдөгү чоң учак сатылып алынат. Андан кийин ички каттамдарга уча турган чакан учак сатып алуу планы каралат.