Нарын облусунун Кочкор районунун Бугучу айылындагы жаңы мектептин курулушу ушу жылдын май айында бүтөт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда объекттин даярдыгы 95 пайызды түзөт. Подряддык уюм тарабынан имараттын ички жасалгалары жана айланасын көрктөндүрүү иштери аяктоодо.
Жаңы мектеп 150 орунга эсептелген, анын сметалык наркы 690 миң 63 долларды түзөт. Бүгүнкү күнгө Сауд өнүктүрүү фондунун насыялык каражаттарынын эсебинен 493 миң 324 доллар каржыланды. Мектеп жаңы үлгүдө курулууда.