Жаңылыктар
Жалал-Абад шаарында унаа менен поезд кагылышып, айдоочу ооруканага жеткирилди
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад шаарында унаа менен поезд кагылышып, айдоочу ооруканага жеткирилди

Жалал-Абад шаарында оор жүк ташуучу унаа менен поезд кагылышты. Кырсык 26-апрелде калаанын Көк-Арт кичи районунда темир жол өтмөктөрүнүн биринде болду. 

Мазут жүктөгөн 20 вагондуу поезддин жолунан жүк ташуучу унаа чыккан. Натыйжада поезд унааны оодарып, сүрүп барып токтогон. Алдын ала маалыматтар боюнча кырсыктан жабыркагандар жок. Окуянын чоо жайын укук коргоо органдары териштирүүдө.

“Жүк ташуучу унаанын ээси тез жардам менен ооруканага жеткирилди. Ал айдоочунун спирттик ичимдик ичкен же ичпегени боюнча текшерилет. Тергөө тобу жерине келип, тиешелүү иш жүргүзүп жатат. Жыйынтыгы менен билинет”,- деди Жалал-Абад ОИИБ ЖКККБнын кызматкери Асылбек Маматкулов.

“Темир жол менен унаа жолунун кесилишинде жол белгилер турат. Бирок, жүк ташыган айдоочу ага карабай, жүрүп келе берген. Поездде вагондорду карап кетип жаткан биздин кызматкерлер унаа айдоочусуна токто деген сигнал берген, бирок токтогон эмес”,- деди Жалал-Абад темир жол бекетинин башчысы Шералы Турсункулов.