Жаңылыктар
Ак-Талаа районунун Куртка айылында “Бир адамдан бир китеп” иш-чарасы өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Ак-Талаа районунун Куртка айылында “Бир адамдан бир китеп” иш-чарасы өттү

Нарындын Ак-Талаа районунун Куртка айылында “Бир адамдан бир китеп ” акциясы өттү. Демилгени айылдык жаштар көтөрүп, “Китеп адамды, адам ааламды оңдойт” деген ураандын алдында уюштурушкан. 

Анын алкагында айылдык мектептин окуучулары Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим” чыгармасынан үзүндү аткарып, көптүн алкоосуна арзышты. Ал эми иш-чаранын коноктору айыл элинин ынтымагына баа берип, келечек муунга үлгү болгон улуулардын аракетине ыраазы болушту. Бул долбоор балдардын бош убактысын туура пайдаланууга өбөлгө болуп, аларды туура эмес жолдон оолак тутуп, зомбулук, кайдыгерлик өңдүү азыркы коомдун коркунучтуу көйгөйлөрүнөн алыс болууга тарбиялоосу айтылды. 

Аны менен катар китеп окуу адамдын дүйнө таануусун кеңейтүү менен руханий жактан азыктандырган жалгыз булак экени белгиленди. “Бир адамдан бир китеп” долбоору 2019-жылы Ак-Талаа районунун Көш-Дөбө айылынан башталып, кийин республиканын бардык аймагын камтыган ири долбоорго айланган. Анын арты менен бир жыл аралыгында 150гө чукулда китепканалар жаңыланып, китеп фонддору толукталган. Жалпы 112 миңден ашык китеп топтолгон. Ал эми Куртка айылында өткөн саамалыкта 600 даана китеп чогулса, иш-чаранын меймандары дагы 300гө жакын китепти айылдык китепканага белек кылышты.