Жаңылыктар
Бишкек шаарындагы жол кирени көтөрүүгө байланыштуу маселе коомдук талкууга коюлду
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарындагы жол кирени көтөрүүгө байланыштуу маселе коомдук талкууга коюлду

Бишкек шаар башкармалыгы жол кирени көтөрүүгө байланыштуу маселени коомдук талкууга койду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Жол акыны көтөрүүгө байланыштуу үч вариант иштелип чыкты.

Биринчиси - азыркы бааны калтыруу, экинчиси - автобус, троллейбус сыяктуу муниципиалдык транспортто жүрүүнүн наркын 11 сом, маршруттук унаалардын жол акысын 15 сомго көтөрүү, үчүнчү вариант - автобуста 15, троллейбуста 11, маршруттук унааларга 19 сом төлөө сунушталууда.

Жол кире акыркы жолу 2012-жылдын 1-майында көтөрүлгөн. 2021-жылдын январь айында Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары тарифти көтөрүү талабы менен акцияга чыккан. Алар талап аткарылбаса, иш таштай турганын билдиришкен.