Жаңылыктар
Коронавирус менен ооругандарды жаткыруу үчүн Бишкектин ооруканаларындагы бош орундар (тизме)
Кыргызстан жаңылыктары
Коронавирус менен ооругандарды жаткыруу үчүн Бишкектин ооруканаларындагы бош орундар (тизме)

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коронавирус жуктургандарды жаткыруу үчүн Бишкектеги ооруканалардагы бош орундар тууралуу маалымат берди. 

Учурда 10 ооруканада 199 орун бош:

- Улуттук хирургия борборунда — 5;

- Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында — 12;

- №2 клиникалык төрөт үйүндө — 10;

- Улуттук госпиталь: мобилдик госпиталда — 35;

- Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары бөлүмү - 77;

- №1 шаардык клиникалык оорукана — 12;

- №6 шаардык клиникалык оорукана — 5;

- Улуттук кардиология жана терапия борбору — 18;

- Чүй облустук ооруканасы — 7;

- Улуттук онкология жана гематология борбору — 10.

Кошумча маалыматты стационарлардын картасында көрсөтүлгөн телефондор аркылуу тактоого болот.