Жаңылыктар
Өкмөт башчы эки баланы жалгыз тарбиялап жаткан эненин абалынан кабар алды
Кыргызстан жаңылыктары
Өкмөт башчы эки баланы жалгыз тарбиялап жаткан эненин абалынан кабар алды

Өкмөт башчы Улукбек Марипов эки баланы тарбиялап жаткан Сонунбү Сатарованын абалынан кабар алды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды. Сонунбү Сатарованын балдарынын бири ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү. “Ар бир эне, өзгөчө балдар мамлекеттин жана коомдун колдоосуна муктаж. Биз бири-бирибизге көтөрүмдүү болуп, муктаж болгондорго жардам берип, сабырдуу жана сый-урмат мамиледе болушубуз керек. Боорукердик жана мээримдүү мамилебиз биздин адамдык бийик сапатыбызды арттырып, күчтүү кылат. Балдарыңыз оорубасын, алар акылдуу болуп өсүп жана сизди ийгиликтери менен кубандырсын”, - деп жазган премьер-министр. 

Сонунбү Сатарова Улукбек Мариповго өз көйгөйлөрү тууралуу айтып берген. Анын 8 жаштагы кызы бюрократиялык тоскоолдуктардан улам али мектепке бара элек. Премьер-министр өз билдирүүсүндө, Сонунбү Сатарованын кызы үчүн мектепте окуу маселеси чечилгенин жана 1-сентябрдан тарта ал мектепке бара ала тургандыгын жазган. Материалдык жана социалдык абалына карабастан, Кыргызстандын бардык жарандары билим алууга бирдей мүмкүнчүлүгү бар.Улукбек Марипов Ыйык орозо айында Сонунбү Сатарованын үй-бүлөсү менен биргеликте ооз ачар өткөрүп, үй-бүлөгө жардам көрсөтүп, аларга ден соолук, күч-кубат жана узак өмүр каалаган.