Жаңылыктар
Эл аралык олимпиадада физика илимин багындырган окуучу
Билим
Эл аралык олимпиадада физика илимин багындырган окуучу

Кадамжайлык Артур Садиков International Physics Olympiad деп аталган физика боюнча эл аралык олимпиадада коло медаль тагынып келди. Сынак июлдун 11-нен 17-не чейин Швейцариянын Цюрих шаарында өттү. Мында 90 мамлекеттен тандалып келген акылдуу окуучулар катышты.

Артур Садиков кичине кезинен эле илимге жакын болгон. Материянын касиети, күндүн, жер шарынын деги эле айлана-чөйрөдөгү болуп жаткан кубулуштар - мыкты окуучуну физика сабагын мыкты өздөштүрүүгө түрткөн. Күн-түн дебей окуганынын бардыгы коло медалы менен акталды. Артур Кыргызстан гана боюнча эмес, Борбордук Азия чөлкөмү боюнча мындай жетишкендикти биринчи багындырды.

Дүйнөдөгү алдынкы жогорку окуу жайлардын эшиги олимпиадалардын жеңүүчүлөрү үчүн ар дайым ачык. Бул жетишкендиги менен Артур эңсеген Массачу́сетстеги технологиялык институтка тапшырууну пландап жатат. Аны ийгиликтүү окуп бүтсө Кыргызстанга кайтып келип, бул жерде иштейм деген максаты бар.

Артурду Бишкекте апасы тосуп алган. Ал азыр беш баланы тарбиялайт. Алардын экөөсү жеке лицейде бекер окушат. Англис тилинде экзамен тапшырып, анан бул престиждүү окуу жайына 6-классында өткөн.
Артур сыяктуу мыкты окуучулардын мууну өсүп келе жатканда Кыргызстандын келечеги кең болооруна аны даярдаган мугалимдердин көзү жетип, сыймыктанып турган кези.