Жаңылыктар
Быйыл 51 бейөкмөт уюм социалдык маанилүү долбоорлорду ишке ашыра баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Быйыл 51 бейөкмөт уюм социалдык маанилүү долбоорлорду ишке ашыра баштады

Быйыл 51 бейөкмөт уюм мамлекеттин буйрутмасы менен социалдык маанилүү долбоорлорду ишке ашыра баштады. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова ведомстводогу жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө билдирди. 

Жыйында мамлекеттик социалдык буйрутма программасын ишке ашыруу планын иштеп чыгуунун жүрүшү талкууланды. Бүгүнкү күндө гранттык комиссиянын ачык сынагынан өткөн бардык катышуучулар 29 миллион сомдун долбоорлорун ишке ашыра баштады. 

Долбоорлор үй-бүлөлөрдү турмуштук оор кырдаалдан алып чыгууга, үй-бүлө институтун бекемдөөгө, интернаттардын бүтүрүүчүлөрүн социалдык коомго аралаштырууга, улгайган адамдардын жашоо сапатын жакшыртууга, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга, социалдык кызматтардын жана кризистик борборлордун ишин жакшыртып, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга багытталган.