Жаңылыктар
Ири соода тармактарында азык-түлүктүн 4 түрүн арзандатуу макулдашылды
Кыргызстан жаңылыктары
Ири соода тармактарында азык-түлүктүн 4 түрүн арзандатуу макулдашылды

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүмдүк майына болгон баанын өсүшү 76%ды түздү. Кыргызстанда өсүмдүк майы эң аз санда өндүрүлгөндүктөн, жылдык керектөөнүн 10 пайызын гана камсыздай алат. 

Мисалы жылдык керектөө 100 миң тоннаны түзсө, өлкөдө жылына 12 миң тонна гана өндүрүлөт. Жумуртка өндүрүүгө байланыштуу дагы ушул эле абал. Бул жалпы 45%ды түзөт, ал эми калган 55%ы Казакстандан импорттолот. Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги өсүмдүк майына жана жумуртканын баасынын абалын жөнгө салуу боюнча аракеттерди көрүп, товар ташуучулар жана өндүрүүчүлөр менен туруктуу иштерди жүргүзүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

“Азык-түлүккө болгон бааны кармап туруу боюнча бир катар чаралар көрүлүп жатат. Ири соода тармактары азык-түлүктүн 4 түрү боюнча арзандатууга макулдашылган”,- деди Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков.