Жаңылыктар
Коронавируска каршы вакцина алган адамдардын саны өлкө боюнча 20 миңге жетти
Кыргызстан жаңылыктары
Коронавируска каршы вакцина алган адамдардын саны өлкө боюнча 20 миңге жетти

Бүгүнкү күндө коронавируска каршы вакцина алган адамдардын саны өлкө боюнча 20 миңге жетти. Алардын арасында борбор калаанын айланасындагы жаңы конуштардын жашоочулары да бар. 

65 жашка чейинкилердин бардыгы Кытайдан келген "Синофарм", ал эми 65 баштан жогорулар Орусиянын Спутник-V вакцинасы менен эмделүүдө. Чоңдор менен катар балдарга улуттук календардын негизинде эмдөө жүрүүдө. Аны Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова көзөмөлдөп барды. Ал эки өлкөдөн келген вакцина тең сапатуу жана коопсуз дейт.