Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги товар ташуучулар жана өндүрүүчүлөр менен туруктуу иштерди алып баруу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Анткени, азык-түлүккө болгон бааны кармап туруу жана арзандатуу жолдорун табуу зарылдыгы турат. Бул багытта бир катар мыйзам долбоорлору иштелип чыкты.