Жарандардын жеке идентификациялык номуру боюнча арыздарды кароо мөөнөтү кыскартылды. Мамлекеттик каттоо кызматы, мурда туура эмес берилген жеке идентификациялык номерлерди оңдоо боюнча жарандардын кайрылуусунун негизинде ишти ыкчамдатты.
Арыз 1 күндөн 3 күнгө чейинки убакытта акысыз каралат. Жеке идентификациялык номер бала төрөлгөндө күбөлүк менен берилет.