Жаңылыктар
Бишкекте биринчи жолу электромобилдердин жүрүшү болот
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте биринчи жолу электромобилдердин жүрүшү болот

Бишкекте биринчи жолу электромобилдердин жүрүшү болот. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. 

Калаа бийлиги абанын булганышына каршы күрөшүү боюнча ар тараптуу ишти улантууда. Жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык, абанын булганышынын негизги себептеринин бири - унаадан чыккан зыяндуу заттар.

Жүрүш “Ден соолук” сейил багынын түндүк тарабынан башталат. Белгиленгендей, шаардыктардын коопсуздугу үчүн айдоочуларды Бишкек ШИИББнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын 5 унаасы жана эки тез жардам унаасы коштоп жүрөт. Жүрүштүн маршруту боюнча жолдун унаа жүрүү бөлүгү жарым-жартылай чектелет.