Жаңылыктар
Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 146 ардагери бар
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 146 ардагери бар

Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 146 ардагери бар. Бул 1-апрелге карата Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен алынган так сан. Былтыр ушул маалда алардын саны 241 адам эле. 

146 ардагердин 33ү согуштун майыбы, 85и катышуучусу, 13ү бала кезинде концлагердин туткуну болгондор жана 15и Ленинград курчоосунда калгандар. 

Мындан тышкары оруктун эмгекчилеринен 1304 адам, эмгек ардагерлеринен экөө, согушта курман болгон жоокерлердин беш үй-бүлөсү бар. 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушка 365 миң кыргызстандык катышкан, алардын 115 миңи майдандан кайтпай калган.