Жаңылыктар
Май айындагы майрамдар. Кайсыл күндөр эс алууга туш келет?
Кыргызстан жаңылыктары
Май айындагы майрамдар. Кайсыл күндөр эс алууга туш келет?

Быйыл Кыргызстанда май майрамдарында ишемби-жекшембиден тышкары 5-майда жана 10-майда эс алуу күндөрү болот. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, быйыл 1-май дем алыш күнүнө туш келгендиктен анын ордуна кыргызстандыктар 3-майда эс алышмак, бирок ал эс алуу күнү өкмөттүн токтому менен 8-январга которулган болчу.

Ошондуктан 1, 2-май ишемби жана жекшембиден тышкары 5-майда Конституция күнүндө, Жеңиш күнү жекшембиге туш келгендиктен 8, 9 жана 10-май эс алуу күндөрү.

Мындан тышкары майдын 13ү же 14ү Орозо айт майрамы белгиленет.