Жаңылыктар
Р. Казакбаев Мажитовдун укугун коргоого чакырган жарандык уюмдардын өкүлдөрү менен жолукту
Кыргызстан жаңылыктары
Р. Казакбаев Мажитовдун укугун коргоого чакырган жарандык уюмдардын өкүлдөрү менен жолукту

Кечээ,  Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстандын укук коргоо органдарынын өтүнүчү боюнча Россияда кармалган кыргыз жараны Мажитовдун укугун коргоого чакырган жарандык уюмдардын өкүлдөрү менен жолукту. 

Казакбаев чет өлкөлөрдөгү жарандардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо министрликтин артыкчылыктуу милдети экенин баса белгиледи. 

Айтсак, Москвадагы элчилик Россиянын тышкы иштер министрлигине кармалган жаранга карата иш объективдүү каралышын өтүнгөн расмий кайрылуу жөнөткөн. Министр Минск жана Кишинев конвенцияларынын негизинде КМШ мамлекеттеринин компетенттүү органдары - Генералдык прокуратуралары тарабынан экстрадициялоо маселесин кароонун тартибин кеңири түшүндүрүп берди.