Алай районунун Талды-Суу айылында жашап жаткан этникалык кыргыздарга паспорт берилди. Жарандык документти өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү тапшырды. Паспорт 44 жаранга берилди.
Аталган райондо Кичи жана Чоң Памирден көчүп келген 17 үй-бүлө жашап жатат. Булар үчүн былтыр өкмөт тарабынан 11 турак үй курулуп, берилген.
Буга чейин мамлекет башчысы барып, алардын жашоо шарты менен жакындан таанышып , азык-түлүк жардамын берген. Жергиликтүү бийликке Памирде калган кыргыз боордоштордун баарын көчүрүп келүү боюнча жер тилкесин ажыратуу тапшырмасы берилген. Ошондой эле, мектеп окуучулары үчүн балдар аянтчасын куруп берүү өтүнүчү айтылган.