Жаңылыктар
С.Жапаров: Жаштарды эли-жерибиздин кызыкчылыгын алдыга койгон атуулдардан болууга чакырам
Кыргызстан жаңылыктары
С.Жапаров: Жаштарды эли-жерибиздин кызыкчылыгын алдыга койгон атуулдардан болууга чакырам

«Биз мекенибизди сүйгөндө гана элибиз үчүн ак ниет кызмат кыла алабыз. Ошондуктан силерди эли-жерибиздин кызыкчылыгын алдыга койгон атуулдардан болууга чакырам», — деп белгиледи Садыр Жапаров бүгүн, 28-апрелде, «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде жана конкурска катышкан шаарлардан келген активдүү жаштар менен жолугушуусунда.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө жаштардын бүгүнкү күндөгү коомдогу ордуна токтолду. Президенттин белгилешинче, жаштар — азыркы учурда мамлекетти өнүктүрүүнүн стратегиялык ресурсу, анткени алар эбегейсиз социалдык-экономикалык, маданий, чыгармачыл жана илимий потенциалга ээ.

«Биз жаштарды экономикалык өсүштүн жана муундардын бакубаттуулугун камсыздоочу эң баалуу кадрдык ресурс катары карасак да болот. Жаштар — бул келечек ээлери. Келечек — сиздердики. Тактап айтканда, азыркы улуу муундун жасаган ар бир жакшы иши Сиздердин эртеңки жаркын келечегиңер үчүн жасаган аракеттер деп билсеңиздер болот. Ошондуктан биз жасап жаткан ар кандай ишке силер кайдыгер карабашыңар керек.

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы кабыл алган Туруктуу өнүгүүнүн максаттарын ишке ашыруу үчүн өлкөнү өнүктүрүү процессине жаштарды активдүү тартуу жана жаштарга мүмкүнчүлүк түзүү зарыл экендигин биз жакшы билебиз. Бүгүн бул жерде отурган жаштар — өлкөбүздүн социалдык-экономикалык, маданий, чыгармачыл жана илимий потенциалынын өнүгүүсүнүн негизги ачкычы», — деп билдирди Садыр Жапаров.

Анын айтымында, «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» конкурсуна катышкан 18 шаар, балдарга жана жаштарга шарт түзүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдар, жарандык коомдун уюмдары, жалпыга маалымдоо каражаттары жана жеке сектор менен «өсүү түйүнү» катары кызматташып, өрнөк көрсөттү.

Мамлекет башчысы Эл аралык өнүгүү боюнча өнөктөштөрүбүз ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгүн, анын ичинде байге фондуна 6 миллион сом бөлүнгөндүгүн белгиледи.

Ал Бириккен улуттар уюмунун Балдар фондуна (ЮНИСЕФ), БУУнун Тынчтык куруу фондуна жана башка өнөктөштөргө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаарлар» демилгесин колдогондугу үчүн ыраазычылыгын айтты.

«Бул демилге жергиликтүү жаштардын өз региондорун өнүктүрүүгө катышууга болгон каалоосу күчтүү экендигин, балдар жана жаштар үчүн мыкты шарттарды түзүүгө муниципалитеттердин чечимдери менен программалары маанилүү жана мазмундуу салым кошо аларын көрсөтүп турат. Мындай демилгеге катышуу — балдарга кам көрүүнү, жаштардын өз алдынча өнүгүп-өсүшү үчүн шарттарды түзүүгө жана ийгиликке жетүүгө умтулууну билдирет», — деп белгиледи Президент.