Өлкө башчысы бүгүн 28-апрелде КТРК имаратында Жаштар менен жолугушуп, алар менен суроо-жооп форматында эркин маек курду. Иш чаранын алкагында "Балдар менен жаштарга ыңгайлуу шаар" конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлады. Андан соң "Ой Ордо", "Эл Билет", "Замана" жана "Аруузат" көрсөтүүлөрү өтүүчү студия менен таанышты. Президент Садыр Жапаровго КТРКнын башкы директору Бактияр Алиев корпорацияда жасалып жаткан иштер жана келечек пландар боюнча маалымат берди.