Жаңылыктар
Кыргызстанда 7 айдын ичинде 158 жолу өзгөчө кырдаалдар катталган
Өзгөчө кырдаал
Кыргызстанда 7 айдын ичинде 158 жолу өзгөчө кырдаалдар катталган

Кыргызстанда 7 айдын ичинде 158 жолу өзгөчө кырдаалдар катталган. Бул тууралуу Кубатбек Боронов министрликтин аткарган ишинин жыйынтыгын чыгарып жатып билдирди.

 

Болуп өткөн жаратылыш жана техникалык кырсыктардан 200дөн ашык адамдын өмүрүн сактап калганга мүмкүнчүлүк болгон. Ал эми 5 миңге жакын жаранга консультативдик жардам көрсөтүлгөн. 

Министрдин айтымында, мекеме техникалык жабдууларды жаңыртууга муктаж. Учурда 20-кабатка чейинки өрттү өчүрүүгө мүмкүнчүлүк бере турган жаңы тепкичтерди сатып алуу пландалып жатат. 

Андан сырткары Боронов сууга чөгүп кетүү коркунучтарынын алдын алуу боюнча жүрүп жаткан иштерге токтолду.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118