Жаңылыктар
Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын арасында сууда сүзүү боюнча республикалык чемпионат өттү
Спорт
Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын арасында сууда сүзүү боюнча республикалык чемпионат өттү

25-апрель күнү Бишкек шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын арасында сууда сүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди. 


Мелдешке мээсинин шал оорусу, таяныч-кыймыл аппаратынын бузулушу, аутизм, даун синдрому менен жана көрүү, угуу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген 40ка жакын спортчулар катышкан. 

Иш-чара Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз Республикасынын ден соолугугун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын арасында сууда сүзүү боюнча федерациясы тарбынан өткөрүлдү.