Кыргызстандык спортчулар 22-27-апрель күндөрү Белград шаарында (Сербия) өткөн бокс боюнча эл аралык «Belgrade Winner» мелдешинде 3 медаль жеңишти. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Азат Усеналиев (52 кг салмактык категорияда) жана Акылбек Эсенбек уулу (57 кг) күмүш медаль тагынышты, ал эми Өмурбек Бекжигит уулу (75 кг) 3-орунду ээледи.
Белгилей кетсек, курама команда улук машыктыруучусу Жылдызбек Ниязалиевдин жетекчилиги алдында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш сапарга жөнөтүлгөн.