Жаңылыктар
Кумарканаларга байланыштуу мыйзам элдин пикирине жараша чечилет
Кыргызстан жаңылыктары
Кумарканаларга байланыштуу мыйзам элдин пикирине жараша чечилет

Кумарканаларга байланыштуу мыйзам элдин пикирине жараша чечилет. Президенттин аппараты аталган маселенин айланасында билдирүү таратып, эл каршы болсо мамлекет башчысы тиешелүү мыйзамга вето коюуга даяр экенин кабарлады. Ар кандай аянтчаларда аталган мыйзам долбоорун талкуулоо сунушталып жатат.

Кумарканаларга байланышкан парламенттеги демилге коомчулукта кызуу талкууланып, талаш-тартыштар токтой элек. Долбоордо казинону Ысык-Көл менен Баткен облусунун чектелген аймагында ачууга уруксат берүү камтылган. Президент Садыр Жапаров коомдук биринчи каналга курган маегинде кумарканаларды башка аймактарда да ачууну сунуштаарын билдирип, экономика жабыркап турган учурдагы кошумча каржы булактарын издөөгө байланыштырды.